ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев 16-январдагы жыйында Бишкек ЖЭБи кечинде "Кара-Кеченин" таш аралашкан сапатсыз көмүрүн жагып жатканын билдирди.
Депутаттын айтымында, ага бул боюнча байкоочу кеңештин мүчөлөрүнөн кат келип түшкөн. Тербишалиев ЖЭБдеги өндүрүштүн азайышын айтып жана андагы абалды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.