Ак-Сай аймагындагы чек арачыларга Баткен мэриясы гумжардам жөнөттү

Баткендин Ак-Сай аймагындагы кыргыз чек арачыларына Баткен шаардык мэриясы бүгүн, 16-январда гуманитардык жардам жөнөттү. Муну SUPER.KG порталына Баткендеги көз карандысыз журналист Адилбек Батыров билдирди. Айтымында, чек арачыларды моралдык жана материалдык жактан колдоо тынымсыз уланууда.

“Чек арачыларга күнүмдүк керектелүүчү каражат, азык-түлүк жөнөтүлдү. Эки эчки да берилди. Баткен районундагы Кызыл-Жол кварталында жашагандар чек арачыларга деп 40 миң сом топтоп беришти”,- деди булак.

Эскерте кетсек, 11-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу чыгып, 6 кыргыз жоокери жаракат алган. Алардын үчөөсү учурда Бишкек шаарында дарыланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан