Баткен облусундагы Кызыл-Бел айылынын жаштары бүгүн, 16-январда облус башчысы Жеңиш Разаков менен жолугушту. Муну көз карандысыз журналист Адилбек Батыров билдирди. “Эл арасында кооптонуу токтой элек. Жолугушууда жаштар тажик чек арачылары өздөрүнүн чек ара аймагын куралдуу кайтарууну күчөткөнүн айтышты. Облус башчы аларды сабырдуулукка чакырып, жашоочулардын коопсуздугу көзөмөлдө экенин айтты”,- дейт Батыров.
Жолугушууга аталган айылдын 100дөй тургуну, Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков, облус башчы Жеңиш Разаков катышты.