Адвокат Икрамидин
Айткуловдун сабалышы боюнча козголгон
кылмыш токтотулду. Мындай маалыматты 13-январда жактоочу социалдык тармактагы өздүк баракчасына
жазып чыкты.
Адвокат ИИМ, Бишкек ШИИББи кол салууну өз көзөмөлүбүзгө алабыз деген
сөздөрүнө турбай, кылмыш ишин Свердлов РИИБинин жаш тергөөчүсү карагандыгын
жазган.
"Экспертизанын
чыгарган чечиминде менин жаракаттарым боюнча корутунду туура эмес чыккан. Анда мени бутумдан
0,5х0,5 сантиметр өлчөмүндөгү жаракат алган деп калпты жазып коюшуптур. Эмне, бир
эле соккудан 2 сөөгүм сынмак беле? Чындыгында мен балтырымдан 4 жаракат
алгам. Ал эми 13-январда кылмыш ишин кароону токтотуп коюшту. Жадакалса мен
айткан версияларды дагы текшеришкен жок. Бийлик бул кылмыштын бетин ачкысы
келбей жатабы?” деп билдирүү жазган.
Белгилей кетсек, И.Айткулов 2012-2013-жылдары сотто Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиевге жактоочулук кылган.