Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-январда "Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетовдун айтымында, бул келишим жеке ишкерлер үчүн тикелей инвестиция тартууну жакшыртууга багытталган. Европа инвестициялык банкы тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жылына 100 миллион евро каражат да каралууда.
Макулдашуу ратификацияланып калса, Кыргызстандын ишкерлери өз долбоорлоруна ылайык 10 миллион евродон жогору көлөмдө насыя ала алышат. Насыя каражаттары 1 пайызга чейинки үстөгү менен 15 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 1-3 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат.