Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев светке акча төлөбөгөн кафе, бар, сауналардын электр энергиясын үзүүгө тапшырма берди. Муну өкмөт башчы бүгүн, 16-январда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынында айтты. Светке ким төлөп, ким төлөбөй жатканын текшерип чыгуу боюнча тийиштүү органга тапшырма берип, “бюджеттик мекемелер электр энергиясын лимиттен ашыкча пайдаланбасын” дейт Сатыбалдиев.