Манас шаарынын "Жалал-Абад" курортуна бар жаткан жолдогу гүлзарлар талкаланды. Анда белгисиз жарандар темир койгучтарга орнотулган гүлдөрдү алып ыргытып салышкан. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
"Бул көрүнүш жалпы шаардын көркүнө гана эмес, маданият жана жоопкерчиликке көлөкө түшүрөт. Ар бир түп гүл – шаардын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгеги, сиздердин, биздин салыгыбыздан жыйналган каражатка өстүрүлөт. Андыктан ар бирибиз өсүп турган гүл, көчөт, газондорго аяр мамиле жасап, тазалыкты сактап, балдарыбызды да коомдук мүлктү сактоого үйрөтөлү",- деп кайрылды мэрия.
Мэрия учурда гүлдөрдү талкалагандар изделип жаткандыгын билдирип, жазасын ала тургандыгы кошумчалады.