АКШнын Жашыруун кызматы БУУнун имаратында президент Дональд Трамп менен анын жубайы Мелания Трамп бара жатканда күтүүсүздөн токтоп калган эскалатор окуясын иликтөөнү баштады. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Fox News телеканалына билдирди.
"Мен билем, биздин адамдар, анын ичинде АКШнын жашыруун кызматы мунун аягына чыгууга аракет кылышат. Азыр ишти иликтеп жатышат",- деген ал.
Ал эгер тергөө БУУнун кызматкерлери тарабынан Трамп менен Мелания бара жаткан учурда атайылап токтотуу болгону аныкталса, Кошмо Штаттар күнөөлүүлөрдү жазалоого аракет кыларын эскертти.
Буга чейин БУУнун имаратындагы эскалатор Трамп менен биринчи айым өйдө көтөрүлөрдө токтоп калган.