Бүгүн, 16-январда Жалал-Абад шаарында «Жумушсуздукту жоюу жана жаштарды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү» деген темада тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чараны «Жаш жарандардын өнүгүүсү» коомдук фонду уюштурган. Бул тууралуу Жалал-Абад обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Сузак районунун акимчилигинин, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигинин облустук жана шаар, райондук өкүлдөрү, кесиптик лицейдин мугалимдери, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери катышышты.
«Иш-чаранын негизги максаты - иш менен камсыз кылган бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жаштардын байланышын бекемдөө, жаштардын башын бириктирүү. Бул тегерек столдун жыйынтыгында Жалал-Абад облусундагы жаштар борборлоруна жаштарды иш менен камсыз кылуу долбоорлору тартуу аракеттери көрүлөт»,- деп билдирди аталган долбоордун координатору Айбек Жолборсов.