Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мстислав Ивановду 90 жашка чыгышы менен куттуктады

Бүгүн, 16-январда президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, “Даңк” орденинин ээси Мстислав Иванов менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчы ардагерди 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине  көңүл бурулбай калбашы үчүн мамлекет бардык аракетин жумшай турганын айтты.

Президент кийинки жылы Улуу жеңиштин  70 жылдык мааракесин майрамдоого мамлекет өзгөчө көңүл бөлө турганын билдирди.

Мстислав Ивановго белек тартууланып, президенттик фонддун эсебинен 50 миң сомдук материалдык жардам берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан