Өткөн жылы КРнын Каржы
министрлиги 2012-жылга салыштырмалуу мамлекеттик органдарды каржылоо үчүн
республикалык бюджеттен 200 миллион сомго көп каражат бөлгөн. Бул тууралуу
аталган мекеменин башчысы Ольга Лаврова 16-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин
катышуусунда өткөн селектордук жыйында билдирди.
Анын айтымында, кошумча
каражат энергетика жана өнөр жай министрлиги,
“Кыргыз турак-жай коммуналдык бирикмесине” берилген.
“Дээрлик бардык мекемелер
каражатты натыйжасыз пайдаланышат. Ошентсе да Каржы министрлиги 2013-жылы
бюджетти үнөмдөөгө жетишти. Каражат эле сурай бербей, ички чыгымдарын карап
чыгышсын”,- деди министр.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Каржы министрлигинин мамлекеттик органдарды кошумча
каржылоодон баш тартууга укугу бар. Жыл сайын мекемелердин дебютордук карызы
көбөйүүдө. Өзүңөрдүн бюджетиңерди натыйжалуу иштеткиле” деп билдирди.