Кыргызстандагы паралимпиадалык спорттун абалы боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды

“Кыргыз Республикасындагы паралимпиадалык спорттун абалы жана көйгөйлөрү жөнүндө” маселе бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов тема боюнча баяндама жасады.

Айта кетсек, тармактык комитеттин жыйынында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дээрлик бардык дене тарбия мекемелеринде пандустар, инфратүзүмдөр жоктугу, мындай жарандарды спорт менен алектенүүгө тартуу төмөн экендиги айтылган. Мамлекеттик деңгээлде паралимпиада спортуна тиешелүү көңүл бөлүнбөй жаткандыгы белгиленген эле. Депутаттар алгачкы этапта бардык спорт комплекстерди пандус орнотууга милдеттендирүүнү сунушташкан.

Бүгүн комитеттин чечиминин негизинде “Кыргыз Республикасындагы паралимпиадалык спорттун абалы жана проблемалары жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Анда өкмөткө “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамды аткаруу боюнча так чараларды көрүү, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасында паралимпиадалык спорт жөнүндө мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Социалдык өнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо, Каржы министрликтери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спорт менен машыгууларын жакшыртуу үчүн тиешелүү мыйзамдарга жана ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү сунуштоо керектиги белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан