“Кыргызтелеком” Кыргызстандын ичинде акысыз Wi-Fi кармаган 10 аймакты ачат

“Кыргызтелеком” Wi-Fi`ды акысыз колдонууга боло турган 10 аймакты ачат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда аталган мекеменин басма сөз кызматчысы Камилла Мурзаева билдирди.

Анын айтымында, Wi-Fi орнотуу Токтогул жана Жалал-Абаддан башталат. Аталган шаарлардын борбордук аянттарынан каалоочулар акысыз интернетти колдоно алышат. Андан соң Кербен айылына, Кадамжайдын борбордук аллеясына, Ош шаарынын аэропортуна жана Ивановка айылындагы "Кыргызтелекомдун" имаратынын жанына Wi-Fi түйүнү ачылат.

Булардан сырткары Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин гуманитардык, экономикалык жана юридикалык факультеттерине, Москва-Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишине жана Аламүдүн районунун Мраморное айылында Wi-Fi орнотулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан