2013-жылы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 28 жыйын өткөрүп, 95 мыйзам долбоорун карады. 33 мыйзам долбоору жалпы жыйындын кароосуна жиберилип, 18и кабыл алынды. Муну аталган комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева бүгүн, 16-январда “Парламент” радиосунун түз эфиринде айтты.
Президент тарабынан кол коюлган 5 мыйзамдар: “Жарнактар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”, “Медицина кызматкерлеринин макамы жөнүндө”, “Тамак-аш азыктарын маркировкалоо жөнүндөгү техникалык регламент”, “Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн гигиенасы” жана “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндөгү техникалык регламент” мыйзамы.
“Өлкө башчы “Медицина кызматкерлеринин макамы тууралуу” мыйзамга 2013-жылдын май айында кол койгон. Анда медицина кызматкерлери менен катар пациенттердин укук, милдеттери такталат. Аларды юридикалык жактан коргоонун жол-жоболору түшүндүрүлөт. Медицина тармагындагы адистердин социалдык жеңилдиктерден пайдалануу шарттары такталгандан тышкары, фтизиатрлардын иши кооптуу болгондуктан, алардын атайын каражаттардын эсебинен акысыз дарыланышына, бекер медициналык кароодон өтүшүнө мүмкүнчүлүктөр ачылат”,- дейт Ниязалиева.