Тайырбек Сарпашев Ислам өнүгүү банкынын аймактык форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 15-январда Казак Республикасынын Алматы шаарында өтүп жаткан “Ислам өнүгүү банкынын акыркы 40 жылдагы ишмердүүлүгү жана алдыдагы 10 жылдыктагы өнүгүү стратегиясын талкуулоо” аталыштагы Ислам өнүгүү банкынын аймактык форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Форумдун максаты – Ислам өнүгүү банкынын алдыдагы 10 жыл ичиндеги өнүгүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо. 
Иш-чаранын алкагында Тайырбек Сарпашев банктын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле вице-премьер-министрдин Ислам өнүгүү банкынын борбору жайгашкан Сауд Аравия хандыгына жасаган иш сапарында жетишилген сүйлөшүүлөрдүн аткарылышы талкууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан