Бишкекте асфальттоо, кеңейтүү иштери жүрүп жаткан айланма жолдо оор жүк ташуучу унаа кулуп калды.
Интернет желесине тараган видеодо Howo үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилекеге чыгып, маңдайында келе жаткан унаадан качам деп жол жээгине кулап калды. Жол курулуш иштерине байланыштуу жолдун жарымына асфальт төшөлүп, ал жак экинчи тарабына караганда бийик.
Учурда тийиштүү кызматтар расмий маалымат берише элек.