16-январда мамлекеттик органдардын жана облустук өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда өткөн селектордук жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн облустагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө “салык чогултууда план аткарылбаса кызматтан бошотуласыңар” деди.
Анын айтымында, аймактарда салык бекитилген план боюнча аткарылыш керек.
“Мамлекеттик салык кызматы менен бирге салык чогултууда планды аткаруу боюнча толугу менен жоопкерчиликтүүсүңөр. Кемчиликсиз иштөө керек”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.