Орусиянын Мамлекеттик Думасы бүгүн, 17-январда жыйынында Кыргызстан менен Орусия ортосундагы “Кыргызгаз” ААКыны сатып алуу боюнча өкмөттөр аралык келишимди ратификациялоо маселесин карайт. Бул тууралуу орусиялык парламенттин расмий сайтында жайгаштырылган.
Өткөн жылы 26-декабрда Орусиянын парламенти “Газпромдун” кыргыз компаниясын сатып алуусун жактырган. Ал эми тийиштүү документтер Думага 31-декабрь күнү саат 12:46 (Москва убактысы боюнча) келип түшкөн. Бир сааттан кийин документтер КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча комитетке жөнөтүлгөн. Мамдуманын кеңеши 17-январга депутаттар менен аталган маселени кароо үчүн мыйзам долбоорун даярдоону тапшырган.