ЖКнын тийиштүү комитети спорттук мекемелердин абалы боюнча токтом долбоор иштеп чыгат

16-январда Жогорку Кеңеште спорттук мекемелер менен курулмалардын абалын жана багытын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулду. Комиссиянын төрайымы Чолпон Султанбекованын айтымында, депутаттык комиссия өлкөнүн бардык аймактарындагы спорттук жайлардын жана спорттук мектептердин, уюмдардын иши менен таанышып чыккандыгын айтты.

Талкууда Кожомкул атындагы Спорт Ордосу, өлкө аймагындагы стадиондор менен ат майдандарын жакшыртуу, менчиктештирилип кеткен спорттук мекемелерди кайра кайтарууга байланыштуу суроо-жооп болду. Спорттук базалардын, спорттук дарыгерлердин жетишсиздиги, спорттук кесипкөй машыктыруучуларды даярдоонун системи жоктугу айтылды.

Суроолорго депутаттар Чолпон Султанбекова (cүрөттө), Каныбек Осмоналиев, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Мурат Саралинов, билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жооп берди.

Жыйынтыгында тармактык комитетке эки апта ичинде Жогорку Кеңештин токтом долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан