Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарында эл менен жолугушуп жатып, алдыдагы парламенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Президент бийлик тарабынан шайлоододу ар кандай көз боёмочулуктарга жол берилбестигин белгилеп, эми таза шайлоо өткөрүү элден гана көз каранды экенин айтты.
"Мурда бюллетендерди "бузулуп калса" деген жүйө менен ар бир участокко ашыкча чыгарып алышчу, бирок ошолор менен бир талапкерге добуш берилип кетчү. Азыр ал заман жок. Шайлоону оңдогонго бир гана нерсе калды, ал өзүңөрдөн. Добушуңарды сатпагыла, сатып алам дегенерди кармагыла",- деди мамлекет башчы кечээ, 5-октябрда Барпы Алыкулов атындагы жаңы парктын ачылыш аземине катышып жатып.