16-17-январдагы жааган кардан улам унаа жолдоруна кар көчкүлөр түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 17-18-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-чакырым, 198-265-чакырым), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90-чакырым, 145-150-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100-чакырым) унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.