Кечээ, 16-январда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Камчыбек Ильязов шаардык кеңештин депутаттары А.Осмонова жана А.Тагаевдердин «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын 2013-жылдын 6-декабрындагы №8-чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызына карата экинчи аныктамасын чыгарды. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сот ишти кароодон өз каалоосу менен четтетилди. Партиянын өкүлү Манас Абдылдабек уулунун айтымында, 2014-жылдын 10-январь күнү сот Камчыбек Ильязов партия өкүлдөрүнө соттук отурумдун өтөрү тууралуу чакыруу бербей туруп, сот отурумун өткөрүп, доогерлерге бир тараптуу аныктама чыгарып берип койгон. Ошондуктан партия мүчөлөрү бул чечимге нааразы болуп, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Башкы прокуратурага жана Соттор кеңешине мыйзамсыз аныктамасы үчүн соттун жоопкерчилигин кароо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
«Биздин кайрылуубуздан улам сот Камчыбек Ильязов КРнын ЖПКнин 17-беренесинде көрсөтүлгөндөй жогорудагы соттук ишти кароодон четтетилди»,- дейт Манас Абдылдабек уулу.
Анын айтымында, тиешелүү органдардан мыйзамсыз чечимдерди чыгарган соттун үстүнөн жоопкерчилигин кароону аягына чыгарып берүү боюнча талап күчүндө калат.