“Электр станциялары” ААКынын берген маалыматына ылайык, 17-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 612 миллион метр кубду түздү.
Өткөн жылы 16-январда суунун көлөмү 14 миллиард 169 миллион метр куб болгон. Суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү бүгүн секундасына 147 метр кубду көрсөтсө, өткөн жылы 16-январда 133 метр кубду түзгөн. Агып чыккан суунун көлөмү секундасына 759 метр куб болсо, 2013-жылдын 16-январында 694 метр куб болгон.