Ак-Ордодогу кандуу окуяга шектелип кармалган жигит 2 айга камакта калтырылды

Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы эки жарандын өлүмүнө шектелип кармалган 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран эки айга камакка алынды.

Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылып, шектүү 3-декабрга чейин камакта калтырылды. Тергөө уланат.

Белгилей кетсек, 3-октябрга караган түнү аталган аймакта үрөй учурган окуя катталып, эки бир тууганды бычактап кетендиги боюнча маалымат тараган. Анда бир эркек киши жана анын эжеси каза болгондугу маалымдалган. Каргашалуу окуя болгон жерден каза болгон кишинин аялы балдары менен качып кетүүгө үлгүргөн.

ИИМ шектүүнүн сүрөтүн чыгарып, ал тууралуу маалымат бергендерге сый акы убадалаган. Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган шектүүнүн сүрөттөрү тараган. Бирок интернет колдонуучулары ИИМ издөөгө алган киши менен кармалган жигиттин окшош эместигин айтып чыгышкан.

Окуядан кийин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамдын өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда айтылган пикирлерди төгүндөгөн билдирүү жасаган. Көп өтпөй министрлик билдирүү жасап, анын кармалган учурундагы тасмаларды жарыялап, анын көрсөтмө бергенин билдирди.

Окуя боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да билдирүү жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl27
2025-10-09 22:27:00
Муну бул кылмышка үгүттөгөн башка да адам болушу мумкун. Текшериш керек. Бул бала өзүн кинодогу каармандагыдай элестетип кылмышка ишенимдүү бара жатканы көрүнүп турат. Мындай жаш балдар азыр кинодогу оң, терс кармандардан таарисленип жатышат. Кылмыштын кесепти жөнүндө мектептен баштап үйрөтүш керек. Жанагы кинодогу киши өлтүрүп, зомбулук аркылуу, ооздоруна тамеки тиштеп, наркотик сатып байып ийгиликтүү жашап жаткандарды кумир тутуп жатышат. Буга жол бербеш керек
0
Asyl27
2025-10-09 22:38:00
Көпчүлүк жаштар фильмдерде киши өлтүргөн каармандарды "крутой" катары көрүшөт. Мындай фильмдерди улам улам көрө бергенден киши өлтүрүү нормадуу көрүнүшкө айланат. Жаш балдар "мен да ушинтип кылам" - деп ойлонушат. Ошондуктан мектеп билим гана эмес, адамдык тарбия бериш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан