Камакта жаткан депутат Ахматбек Келдибеков өзүнүн парламенттеги добуш берүү укугун “Ата Журт” фракциясынын лидерине тапшырды. Муну бүгүн, 17-январда фракция жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди. “Келдибеков учурда ооруканада дарыланууда. Өз добушун мага берүү боюнча ишеним кат жазып берди”,- деди ал.
Айта кетсек, Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып учурда СИЗОдо. Жакында анын эки бутуна операция жасалды.