“Ар-намыс” фракциясынын 17-январдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева чет өлкөдө каза тапкан мекендештерди Кыргызстанга бекер жеткирүүгө кыргызстандык авиакомпанияларды милдеттендирүү керектигин айтып чыкты. “Орусиянын Владивосток аймагында каза тапкан баланын сөөгүн эки аптадан бери алып келе албай жатышат”,- деди депутат.
Алтыбаева “Жүк 200” боюнча абдан көп кайрылуулар түшүп жатканын айтты.