Курмантай Абдиев: “Ахматбек Келдибековго бир күндө 3 кылмыш иши козголду. Мындай нерсе эч качан болгон эмес”

“Ата Журт” фракциясынын 17-январдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев кесиптеши Ахматбек Келдибековго бир күндө 3 кылмыш иши козголушу туура эмес экенин айтып чыкты.

“19-ноябрда прокуратура 3 кылмыш ишин козгоду. Мындай нерсе тажрыйбада эч качан болгон эмес. Процессуалдык нормаларды бузууга эмне зарылчылык болду? Же маалымат булактарына болушунча эртерээк чыгарып салалы дештиби?”,- дейт Абдиев.

Прокуратура өкүлдөрү Келдибековго кылмыш иштери мурда эле козголгонун айтышты. Шектүү адамдардын тобун аныктоого убакыт кеткени жана депутатка байланышкан материалдар бөлүнгөнүн айтышты.

Айта кетсек, А.Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, ноябрь айынан бери СИЗОдо отурат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан