“Манас” эл аралык аэропорту ай сайын жарнамадан 1 миллион 800 миң сом табат. Муну бүгүн, 17-январда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында аталган аэропорттун Экономикалык-инвестициялык өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн вице-президенти Даир Токобаев билдирди. Айтымында, буга чейин аэропорттун кирешеси 100 миң сом болгон.
“Биз ортомчулардан баш тартып жатабыз жана бардык кызматтарды аэропорттун карамагына өткөрүүдөбүз”,- деди Токобаев.