Асан Саипов: "Экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин колдоочуларына акча төлөнүп жатат"

Экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевди колдогондорго акча төлөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда маалымат жыйынында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматчысы Асан Саипов билдирди.

Анын айтымында, кечээ ислам динине эч кандай тиешеси жок адамдар Эгембердиевди коргоп чыгышты. “Экс-муфтий жумуштан бошотуу боюнча арызын алып келген. Бизде ошол арыз бар. Уламалар кеңешинин жыйыны жана муфтийдин милдетин аткарууга Максат Токтомушев мыйзамдуу түрдө өттү. Менин оюмча, Максат Токтомушев Бишкек жана Ош казыларын алмаштырып койгондугу алардын жакындарына катуу тийди. Ошондуктан демилгечи топторду түзүп, экс-муфтийди колдоп жатышат. Алардын өздөрүнүн кызыкчылыктары бар”,- деп Асан Саипов түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан