Алмазбек Атамбаев министрлер менен бирге Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесин талкуулады
Бүгүн, 17-январда президент Алмазбек Атамбаев
өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге
биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен экономика министри Темир
Сариев катышты. Алар мамлекет башчыга Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү үчүн “жол
картасын” иштеп чыгуу боюнча жүрүп жаткан иштер туурасында маалымат
беришти.