Бүгүн, 17-январда “Ата Журт” фракциясынын жыйынында Мыктыбек Абдылдаев акыркы убактарда оппозиция өкүлдөрүнө карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши көп ачылып жатканын айтты. Анын айтымында, прокуратура бул иши менен чектен ашып бара жатат. “Алар оппозиционерлерге кылмыш ишин козгоп жатса биз унчукпай турабыз. Кылмыш иштери жөн эле ачыла бербей, ал үчүн да негиз болушу керек”,- деди Абдылдаев. Буга чейин жыйында Жылдыз Жолдошова саясатчыларга карата ачылган кээ бир иштер бара-бара токтоп калганын айтып күч түзүмдөрүн сындаган эле. Депутат Башкы прокуратура бийликтин оппоненттери үчүн гана кылмыш ишин ачып жатат деген кооптонууларын айткан.