Жусупали Исаев, депутат: “Чек арага жакын айылдарга өзгөчө статус берүү керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупали Исаев Баткендеги чек ара чатагына карата пикирин билдирди. Айтымында, президент тарабынан 2011-жылдын 26-июлунда кол коюлган чек ара аймактрындагы айылдарга өзгөчө макам берүүгө багытталган мыйзам аткарылбай жатат. “Өкмөт мыйзам боюнча мамлекеттик программа кабыл алып, ал Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам аткарылса ошол өзгөчө макам алган айылдарга компенсация берилиши керек болчу. Мектептер, ооруканалар курулушу керек эле. Бүгүнкү күндө аймактагы эл талап кылган маселелер мыйзамда көрсөтүлгөн. Мыйзам аткарылганда абал мынчалык курчубайт эле”,- дейт депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан