Биз социалдык тармакта

АКШнын вице-президенти Трампты падыша катары көрсөткөн видео жарыялады (видео)

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс президент Дональд Трампты падыша катары чагылдырган видео жарыялады.

Жасалма интеллект тарабынан жасалган кадрдан америкалык лидердин таажы кийип, кылыч кармаганын көрүүгө болот. Видеонун аягында Демократиялык партиянын мүчөлөрү Трамптын алдына чөгөлөшөт.

Венс видеону Ак үйдүн башчысынын саясатына каршы чыккан нааразычылык акциялары учурунда жарыялаган. Трамп өзү да социалдык тармактагы баракчасында нааразычылык акциясына катышкандарды мыскылдаган видео менен бөлүштү.

Айта кетсек, 18-октябрда АКШда азыркы президентке каршы багытталган ири масштабдуу тынч митингдери өттү. 2700дөн ашуун шаарда өткөн акцияларга болжол менен 7 миллионго жакын адам катышкан.


АКШнын вице-президенти Трампты падыша катары көрсөткөн видео жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан