Бишкек-Исфана авиакаттамы үчүн билеттердин кымбаттап кетишине баткендиктер нааразы
Бишкек-Исфана
авиакаттамы үчүн билеттердин кымбаттап кетишине Баткен облусунун жашоочулары
нааразы болууда. Муну бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин депутаты Жусупали
Исаев билдирди. Айтымында, өкмөт бул маселени тез арада чечип берүүсү керек. Исаев
Баткендеги жол маселеси боюнча “Баткен облусунда эки гана жол бар. Биринчиси Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык,
экинчиси Кулунду-Максат жолу. Эгер ушул жолдор курулуп бүтсө, калк облус
борборуна тынымсыз каттоого мүмкүнчүлүк алмак”,- деди. Калктын талаптары аткарылса ички миграция да басаңдап, бийликке элдин ишеничи
артмак деген ойдо
депутат.