Дуров бул окуяны Франциядагы жалпы кризис жана деградациянын белгиси катары мүнөздөдү. Ал Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Луврдагы уурулук өлкөнүн азыркы абалынан кабар берип турган көрүнүш экенин айтты.
Эске салсак, 19-октябрда Лувр музейиндеги баалуу буюмдар уурдалган. Каракчылар скутерлер менен келип, сырттагы жүк лифти аркылуу терезелерге жетип, аларды талкалап киришкен. Музейдин ичине киргенден кийин Наполеон жана императрицага тиешелүү баалуу зер буюмдарды уурдап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жалпы 9 зер буюм уурдалган.
Буга байланыштуу музей бир күнгө жабылган, ал эми коноктор эвакуацияланган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул окуяны өлкөнүн тарыхый мурастарына жасалган кол салуу катары сыпаттап, уурдалган баалуу буюмдар табыларын жана кылмышкерлер сот алдында жооп бере турганын убада кылды.