2014-жылы өкмөт Кыргызстандын өндүрүшүнө өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу 17-январда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Айыл-агро-2014” Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө даярдыктар боюнча өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, бул жылы өкмөт лизингден башка да иштерди карап жатат.
“Калктын 60 пайызы айыл чарбада эмгектенет. Азыркы тапта өкмөт менен 5 банк иштешип жатат. Шарттар дээрлик либералдуу. Банктар бирге иштешсе жакшы болот эле”,- деди ал.
Мындан сырткары бул жылы “Айыл чарбаны каржылоо-2” программасынын алкагында 7 миллиард сомду бул багытка бөлүүгө даяр экенин кошумчалады.