Биз социалдык тармакта

Ысык-Атадагы газоблок чыгаруучу ишканада болгон жарылуудан 2 адам каза болду

Ысык-Ата районундагы газоблок чыгаруучу ишканада болгон жарылуудан 34 жана 61 жаштагы жумушчулар каза болушту. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы тастыктады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 21-октябрда болгон. Новопокровка айылында жайгашкан чакан газоблок чыгаруучу ишканада цемент цистернасы жарылган.

Факт каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Учурда күбөлөр суралып, жарылуунун себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан