ИИМ Баткендин Орто-Боз айылынын айрым тургундарына медаль тапшырды

Бүгүн, 17-январда Баткен районунун Орто-Боз айылынын айрым жашоочулары “ Кыргыз милициясына 85 жыл” медалы менен сыйланышты. Сыйлык  аларга чек арада мыйзамдуулукту сактап, күч органдарынын кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү үчүн берилди. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен Баткен ОИИББинин башчысы Анарбай Алимбеков катышканын ОИИББинин маалымат кызматы билдирет.  

Курсан Асанов  чогулган элге “сабыр кылыңыздар, алдыбызда дагы көптөгөн ийгиликтер болот. Бул иштер башаты гана” деди.  Айыл тургундары кыргыз милициясынын аткарып жаткан милдеттерине терең ыраазычылык билдирип, ак бата беришти.

Андан соң ошол эле айылда кызмат өтөп жатышкан милиция кызматкерлеринен жана ички аскерлеринен турган горнизондук кароо болуп өттү. Баткен ОИИББинин башчысы катардагы кызматкерлердин абалы жөнүндө сурап, “Элдин коопсуздугун сактоо биздин милдет. Бүгүнкү күндө эч нерсеге карабастан милдетибизди так аткарышыбыз керек”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан