ЖКнын 23-январдагы жыйынында БШК жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралат

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги менен бүгүн, 17-январда өткөн Координациялык кеңештин жыйынында 22-23-январдагы парламент жыйындарынын күн тартиби бекитилди.

Жогорку Кеңеш 22-январда “КРнын Кылмыш-процесстик кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө”, “Коргоо жана КРнын Куралдуу күчтөрү тууралуу” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө”, “Сырттан байкоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.

23-январдагы жыйында “КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”, “КРнын референдумдары жөнүндө”, “Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга жана террористтик же экстремисттик иштерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө”, “КРнын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан