Орусиянын Мамдумасы “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо долбоорун карады

Орусиянын мамлекеттик думасы бүгүн, 17-январдагы жыйынында “Орусия Федерациясынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү аралык транспорттук ташуу, КРнын аймагында жаратылыш газын бөлүштүрүү боюнча макулдашууну ратификациялоо” мыйзам долбоорун карады. 
Мамдуманын басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, мыйзам долбоору 1 сааттык добушка коюлду. 
Орусия өкмөтүнүн өкүлү, энергетика министринин орун басары Анатолий Янковский доклад окуду. Ал жаратылыш газын иштетүү толугу менен “Газпром” ААКынын көзөмөлүнө өтөрүн айтты. 
Мындан сырткары макулдашууну ишке ашырууга федералдык бюджеттен каражат бөлүнбөшүн кошумчалады. Ошондой эле аталган өкмөттөр аралык макулдашуунун мөөнөтү 25 жылга белгиленгенин маалымдады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан