Азия өнүктүрүү банкы Бишкек-Ош унаа жолун жакшыртууга 100 миллион доллар бөлөт

Бүгүн, 17-январда КРнын Каржы министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкы Бишкек-Ош унаа жолун жакшыртуу долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул туурасында аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашууга ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндө каражат берет. Анын 35 миллион доллары грант түрүндө жана 65 миллион доллары насыя түрүндө болот.

Бөлүнгөн акча каражаттары Бишкек шаарынан Кара-Балта шаарына чейинки 52 чакырым жолду жакшыртууга, 41,5 чакырым жолду 4 тилкеге кеңейтүүгө жана 9 чакырым жолду 6 тилкеге кеңейтүүгө жумшалат. Ошондой эле 6 көпүрө 6 метрден 24кө чейин жогорулатылат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан