17-январдагы “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында депутаттар Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаевди кызматынан артка чакыртып алуу чечимин кабыл алышты. Айта кетсек, фракция жыйынында аталган кызматтын ишмердүүлүгү жөнүндө маселе каралмак. Бирок Э.Сапарбаев жыйынга келген жок.
Жыйында депутаттар Э.Сапарбаевди бул тармактагы коррупцияны жоюу боюнча фракция тарабынан койгон милдеттерди аткара албаганын айтып чыгышты.
Фракция лидери Феликс Кулов (сүрөттө) Мамлекеттик каттоо кызматы каттоолор боюнча маалымат гана бериши керектигин, бүгүнкү күндө ал уруксат берүүчү органга айланып калгандыгын билдирип, ага айдоочунун күбөлүгү, жарандык паспорт сындуу башка документтер берилип жатканын билдирди.
Жыйынтыгында Э.Сапарбаевди кызматынан чакыртып алуу чечими кабыл алынды.
Айта кетсек, Эрлан Сапарбаев аталган кызматка "Ар-намыс" фракциясынын квотасы менен дайындалган.