Ысык-Көл облусунда 2013-жылы кылмыштардын саны жалпысынан 5,9 пайызга кыскарган. 2012-жылы 2 031 кылмыш катталса, өткөн жылы көрсөткүч 1 910го чейин жеткен.
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ошону менен катар адам өлтүрүүнүн саны өсүп, 2013-жылы 33 кылмыш адамдын өмүрүн алып кеткен. 2012-жылы киши колдуу болуп 20 адам каза болгон. Мындан сырткары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азайган.