Орусиянын мамлекеттик думасы 17-январдагы жыйынында “Орусия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык транспорттук ташуу, КРнын аймагында жаратылыш газын бөлүштүрүү боюнча макулдашууну ратификациялоо” мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган келишимге ылайык, "Газпром" компаниясынан Кыргызстандын газ инфраструктурасын модернизациялоо жана реконструкциялоого 5 жылдын ичинде 20 миллиард рубль акча бөлүнөт. Андан тышкары магистралдык газ өткөргүчтөрдү өнүктүрүү жана модернизациялоо, КРнын мыйзамына туура келген тарифтик саясатты сактоо жана жаратылыш газды үзгүлтүксүз түрдө берүүнү Орусия тарабы өз мойнуна алат.