Тайырбек Сарпашев: "Кыргызстанда калктын 40 пайызы таза суу менен камсыз болгон эмес"

КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги астында 17-январь күнү КРнын калк жашаган аймактарын 2014-2024-жылдары таза суу менен камсыз кылуу боюнча өнүктүрүү программасын талкуулоо боюнча чогулуш өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Чогулушка министрлер, тийиштүү мекеме жетекчилер жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты. Тайырбек Сарпашев ичүүчү суу менен камсыз кылуунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеп өттү. “Таза суунун жоктугунан жана суу менен камсыз кылуучу ишканалардын сапатсыз тейлеп жатышынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине терс пикирлер айтылууда. Азыркы тапта республика боюнча тургундардын 40 пайызы таза суу көйгөйүнө туш болушууда. КРнын калк жашаган аймактарын 2014-2024-жылдардагы таза суу менен камсыз кылуу боюнча өнүктүрүү программасында аталган маселени чечүүчү долбоорлор каралган”,- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан