Кудайберген Базарбаев: “Жаш балдардын иштөөсү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет”

Кыргызстанда жаш балдардын иштеп жатканы боюнча изилдөөлөр жүрөт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен Эмгек  боюнча эл аралык уюмдун эксперти Бижой Райчаудхуринин жолугушуусунда белгилүү болду. 
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылдын март айынан тартып 2015-жылдын мартына чейин изилдөө жүрөт. Ага ар кайсы мекемелердин өкүлдөрү катышта. 
“Дүйнө жүзү боюнча жаш балдардын эмгектенгени актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда социалдык жактан жетишсиз үй-бүлөлөрдүн балдары иштөөгө мажбур болууда. Бул баланын психикалык жана физикалык ден соолугуна зыян келтирет. Мындан сырткары Жаш балдардын иштөөсү мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Аталган көрүнүштүн алдын алуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү керек”,- деди Кудайберген Базарбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан