Тажикстандын күч органдары "кыргыз-тажик чек арадагы атышууну кыргыз тарап биринчи баштады" деп жарыялады

"2014-жылы 11-январда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы атышууну кыргыз тарап биринчи баштады" деп Тажикстан Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси Шараф Файзуллоев тажик маалымат каражаттарынын бирине билдирген.
Анын айтымында, 11-январда саат 12:20 чамасында кыргыз аскерлер тажик чек арачыларын биринчи ок чыгарышып, капитан Махмуд Рахимовдун бутун жарадар кылган. Андан соң атайын даярданып келген кыргыз снайперлер тажик чек арачыларга мээлеп атууну баштаган. Кыргыз тарап пулемёт менен аткылап баштап, тажик чек арачылардын саны азыраак болгондуктан алар майда калибрдүү пулемётту колдонууга аргасыз болушкан.
Мындан сырткары "Биздин чек арачылар кыргыз аскерлерди мээлеп атпай, абага ок чыгарышкан. Пулемётту аргасыз жооп иретинде колдонгондон кийин атышуу токтотулду", - деп кошумчалаган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов атышууну тажик тарап баштаган деп андан соң болгон окуянын хронологиясын түшүндүрүп берген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан