Ош. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан мэр шайлоонун жыйынтыгы бекитилди

Оштогу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан мэр шайлоонун жыйынтыгы бекитилди. Аны борбордун шайлоо комиссиясы кабыл алышы керек. 
Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Рысбек Нурдинов билдирди. 
Анын айтымында, аймактык шайлоо комиссиясына “Улуттар биримдиги” партиясынан 1 депутат шайлоонун жүрүшүнө нааразы экенин билдирген. Арыз прокуратура органдарына өткөрүлүп берилген. 
Эске салсак, 15-январь күнү Ош жана Бишкек шаарларында мэр шайлоо өткөн. Бишкек шаарында 41 добуш менен Кубанычбек Кулматов утуп чыккан. Ош шаарында 25 добуш менен Айтмамат Кадырбаев мэр болуп шайланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан