Кыргызстандагы калктын 21 пайызы борбордук канализация системи менен
камсыздалган. Бишкек боюнча бул көрсөткүч 78 пайызды түзөт.
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 1-сентябрына карата өлкө боюнча 1 891
айыл катталган. 267 айылдагы суу түтүктөрү 1960-жылдары, 458 айылдагылар 1980-жылдары курулган. 369 айылда
суу түтүгү жок.
Таза суу менен камсыз кылуу программасын ишке ашыруу үчүн Азия
өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан каражат бөлүнүп, 545 айылга суу
менен камсыз кылуу түтүктөрү орнотулган.