“Түндүк электр” ААКынын басма сөз
кызматы берген маалыматка ылайык, 20-январда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде
жарык өчүрүлөт.
«Бишкексветтин» 11,1 миллион карызы үчүн көчөдөгү жарык өчөт.
Ишкана 15-январга чейин 5 миллион сом төлөө милдетин алып, бирок төлөгөн эмес.
Ошондой эле “Бишкек жылуулукэнерго" ишканасынын
15,3 миллион сом дебютордук карызы үчүн мекеме жарыксыз калышы мүмкүн.
Мындан сырткары 4,2 миллион суммадагы карыздан улам Бишкек троллейбустар
башкармалыгына жарык берилбей калышы ыктымал.